Транс чек аралык каттамдар: Борбордук Азияда туризмди өнүктүрүү

4 өлкө - бир өнүм. Казакстандын туризм тармагы өкүлдөрүнүн айтымында, Борбордук Азия өлкөлөрү «Жибек жолу» аттуу туристтик брендин пропагандалоо боюнча биргеликте аракеттенип, өз ара натыйжалуу чараларды аткарууга ниеттенүүдө.

ТИМУР ДУЙСЕНГАЛИЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Жибек жолун кайра жңыртуудагы башкы максат - саякатчылар агымын шыктандыруу менен катар, руханий жана материалдык пайда табуу. Эгерде чет элдик туристтер үчүн кызыктуу болгубуз келсе, биз биринчи кезекте өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү көрсөтүшүбүз керек. Мындай чаралар элдин байыркы кесип, кол өнөрчүлүк түрлөрүн жаңыртып, улуттук тамак-аштарын, үрп-адаттары менен салттарынын жандануусуна түрткү берет.

2020-жылдын бугу айында масштабдуу эл аралык экспедиция башталат. Ал Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан менен Тажикстандын туристтерге тартымдуу объекттерин камтыйт. 32 күн ичинде трэвел-блогерлер, туроператорлор, географиялык коомчулук мүчөлөрү менен журналисттер курамындагы серепчилер тобу 4000 чакырымдан ашык жолду басып өтөт.

Максаты - Борбордук Азия аймагынын туристтик дараметин жайылтуу. Экспедиция ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген улуттук парктарды, коруктар менен эстеликтер жайгашкан аймактарды аралап өтөт.

ТИМУР ДУЙСЕНГАЛИЕВ, «KAZAKH TOURISM» УК БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз мурунтан бери болгон багыттарды тандадык. Алматыдан чыгышка карай белгилүү каттам бар. Ал Алтын адам, Чарын каньонун, Көлсай көлүн, Каркара өрөөнүн камтыйт. Бул биринчи сегмент. Экинчиси болсо  - Кыргызстандын аймагы. Ага Ысык-Көл, Ош эстеликтери, Кыргызстандын тоо көлдөрү, андан кийин Өзбекстандын Фергана өрөөнү кирет. Андан ары Памирге, башкача айтканда, Тажикстандын жерине киребиз. Пянджан аркылуу Тажикстандан чыгабыз, Искандер көлү аркылуу Самаркандга, андан ары Ташкентке, ошентип Ташкенттен өз өлкөлөрүбүзгө кайтабыз.

Серепчилер атап өткөндөй, трансчек аралык багыттарды түзүү аркылуу Жибек жолун жаңыртуу аймактын бардык өлкөлөрүнүн дараметтик-экономикалык шартына да оң таасирин тийгизет.

Эң башкысы биргелешкен туристтик өнүмдү калыптандырып, алдыга жылдыруу гана эмес, өнүккөн инфраструктураны куруу, ошондой эле, кызмат көрсөтүү тармагынын сапатын арттыруу да маанилүү.

Айта кетсек, бул багытта азыр жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат, бизнес-коомчулук да белсендүү түрдө кошулат.

Фото: advantour.com