Борбор калаада «FROM KZ» эл аралык жаштар форум өттү

Борбордо Биринчи Президент күнүнүн алдында жана Жаштар жылынын жыйынтыкталышына карата «From KZ» эл аралык форум өттү.

Иш-чара жаштардын башын бириктирүү, патриоттук жана лидерлик сапаттарын ойготуу, пайдалуу эмгекке жана ишкерликке шыктандыруу максатында уюштурулду.

Форумга Орусия, Кыргызстан жана Башкортостан сыяктуу мамлекеттерден жигердүү жаштар атайын келишкен.

БАЙРАС АЗАМАТОВ, БАШКОРТОСТАН РЕСПУБЛИКАСЫ ЖАШТАРЫНЫН МЕКЕНДЕШТЕР БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ:

– Мен үчүн мындай эл аралык форумга катышуу эң биринчиден чоң тажрыйба. Сапарымдын эң башкы максаты - албетте тажрыйба алмашуу. Бизде кандай иштер аткарылып жатканын көрсөтүү. Башкырлар менен казактар боордош мамлекет. Бизде жалпылыктар көп. Ошондой эле, орток долбоорлорубуз да жок эмес. Бул эл аралык аянтча катары биздин жалпы үйүбүз болуп саналат. Биз ар дайым жалпы маселелер боюнча долбоорлордо бири–бирибизди колдошубуз керек. Биз үчүн бул абдан маанилүү.

ЮЛИЯ ЛАГУТКИНА, НУР-СУЛТАН ШААРЫ КЭАНЫН ЖАШТАР КАНАТЫНЫН МҮЧӨСҮ:

- Мындай иш-чаралар эң биринчиден пикир алмашууга шарт түзөт. Кандай гана чөйрө болбосун Ассамблеянын жаштары тил табышып кетет. Мисалы, чет мамлекетке кетип жаткан учурда жаштар ар кандай кыйынчылыктардан чыгуу жолун таба алышат. Мындай иш-чаралар бизге чоң кубат, түрткү берет.

Форумга модераторлор менен спикерлер катары Казакстанда жана чет элде белгилүү жаш ишкерлер, эл аралык жаштар кыймылынын лидерлери, белгилүү маданият жана спорт ишмерлери атайын тандалып алынган. Алар жаштарга ийгиликке жетүүдө жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, суроолорго жооп берди.

Аталган иш-чараны Казакстан Элдер Ассамблеясы уюштурган.

Фото: astana.gov.kz