Жаштар саясатынын мамлекеттик мектеби

Жаштар менен кантип натыйжалуу иш алып барууга болот? Өсүп келе жаткан урпак менен өз ара кызматташа турган адистердин билимдерин кантип жогорулатууга мүмкүн? Бул суроолорго  жооп табууга Мамлекеттик жаштар саясаты мектебинин жыйынтыктоочу диалог аянтынын  катышуучулары аракет кылышты. Семинардын башкы максаты – тажрыйба алмашуу. Белгилей кетсек, адистерди даярдоо үчүн эл аралык серепчилер тартылууда. Жаштар жылынын алкагында аталган тармакка багытталган мыкты стандарттарды киргизүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.

ЛУИЗА УЗАРОВА, “ЖАШТАР” ИИБ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз жаштар менен кантип иш алып баруу керектигин үйрөтөбүз. Жалпы жаштар деген ким, жаштар саясаты деген түшүнүк эмне, бизде мыйзамдык база кандай кызмат кылат, кандай нормативдик-укуктук актылар бар? Ушул суроолорго жооп беребиз. Быйылкы жылы бүткүл Казакстанды камтыган 5тен ашуун семинар-тренингтер өткөрүлдү.

Семинар-тренингге 30дан ашуун адам катышты. Алар облустук жаштар ресурстук борборлорунун өкүлдөрү жана бул тармакка кызыктар  болгон мамлекеттик органдар.

ЕРХАН БАКБЕРГЕН УУЛУ, КЫЗЫЛОРДО ОБЛУСУ, ЖАЛАГАШ РАЙОНДУК ЖАШТАР РЕСУРСТУК БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Азыр биз өзүбүздүн тажрыйбабызды өлкөбүздүн бардык аймактарындагы жаштар уюмдары жана ресурстук борборлор менен бөлүшүп жатабыз. Ар бир аймактын өзүнө тиешелүү менталитети менен көз карашы бар. Ушундай семинарлар биз үчүн эң маанилүү, өзөктүү ыкмаларды алууга жардам берет.

Мунун менен катар, үч күндүк иш-чаранын алкагында 2020-жылга арналган мектепти өнүктүрүү концепциясы менен жаштар долбоорлорунун натыйжалары тааныштырылат.

Фото: russianvienna.com