Борбордук Азиянын керемети – Маңгыстоо пейзаждары

Казакстандын Маңгыстоо облусу – Борбордук Азияга саякаттоону каалаган туристтер үчүн абдан тартымдуу багыттардын бири.

Бул аймактагы Торыш капчыгайында таң каларлык Шар өрөөнү жайгашкан. Ири аймакка таруудай чачылган миңдеген тегерек таш чындыгында тан калтырбай койбойт. Алардын кээ бирлери адам алаканына батса, ал эми кээ бирлеринин туурасы үч метрге чейин жетет.

Жылмакай таштардын келип чыгышы боюнча окумуштуулар бир ойго келген эмес. Болжолдордун айрымдарына караганда, таштар космос мейкиндигинен кулаган метеориттер болушу мүмкүн. Алардын ички түзүлүшү көндөй экени аныкталган. Шарларды оңой жарып, катып калган таштан малюскалардын калдыктарын табууга болот.

Фото: kudatotam.ru