Жетинин айынын 15и Казакстанда улуттук валюта күнү

Жетинин айынын 15и Казакстанда улуттук валюта күнү. Эгемендиктин тушунда теңгени айлантууга жүгүртүү - эгемендүүлүктүн башкы кадамдарынын бири эле.

Колдонууга киргизилген 26 жылдын ичинде Казакстан банкноттору менен монеталары соода-сатык куралы гана болбостон, мамлекеттин өнүгүү тарыхынын, жетишкендиктеринин көрсөткүчүнө айланды. Улуттук валютанын алгачкы эскиздери, архивдик документтери, ал тургай 20-кылымдын башындагы өлкөнүн каржы тармагынын кызматынан кабар берген тарыхый материалдар борбордо ачылган көргөзмөгө коюлду. Экспозицияга бир нече экспонаттардан куралган топтомдор да сунушталган.

МЕЙРАМ БЕКТЕМБАЕВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК АРХИВИНИН МҮДҮРҮ

- Биз уюштуруп жаткан көргөзмө «Теңге - эмгемендик символу» деп аталат. Азыркы тапта ал бир гана эгемендикти гана эмес, экономикалык көз карандысыздыкты билдирет. Биздин көргөзмөдө түрдүү документтер, мында алгачкы теңгенин үлгүсүнөн баштап, азем белектер, ошондой эле союздан калган материалдар да бар. Биздин оюбузча, шаар тургундары менен конокторуна абдан кызыктуу болот.

Фото: sputniknews.kz