Казакстан Элдер Ассамблеясынын 4-эл аралык медиа-форуму өттү

«ЖМК жана коомдук келишим». Борбордо Казакстан Элдер Ассамблеясынын 4-эл аралык медиа-форуму өттү.

Иш-чара Түркия, Азербайжан, Өзбекстандан келген дүйнөлүк серепчилер менен баяндамачылардын, Казакстан Элдер Ассамблеясы мүчөлөрү, ошондой эле республикалык жана аймактык ЖМК өкүлдөрүнүн башын бириктирди. Медиа-форум алкагында салттуу «Шаңырак» чыгармачылык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Сынактын максаты – Ассамблеянын ишин чагылдырууга катышкан журналисттерди колдоо болуп саналат.

ЖАНСЕЙИТ ТҮЙМЕБАЕВ, КАЗАКСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Этностордун биримдиги, биздин өлкөдө жашап жаткан улуттардын жашоосун чагылдыруудагы ЖМКнын ролу. Ушул жана башка маселелерди чагылдырууга жигердүү катышкандары үчүн журналисттерге рахмат айткым келет. Анткени элдердин биримдигин, этника ортосундагы ынтымакты көрсөтүү маанилүү. Ушундай жол аркылуу биз жыл жыйынтыгын чыгарууну туура көрдүк.

Сынактан озуп чыккандардын катарында «Kazakh TV» телеканалынын кабарчысы Зарина Асанова да бар.

ЗАРИНА АСАНОВА, «KAZAKH TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН КАБАРЧЫСЫ, СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ:

- Этнос аралык келишим менен Казакстан Элдер Ассамблеясынын кызматы маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Ошондуктан Казакстан Элдер Ассамблеясына биздин чыгармачылык демилгелерибизди колдоп, көмөктөшкөндүгү үчүн чоң рахмат айтам. Ошондой эле, «Kazakh TV» бардык чыгармачылык тобуна ыраазычылыгымды билдирем. Анткени телеканал чоң эмгек жамаатынан турат.

Фото: inform.kz