Казакстандагы жаштар долбоорлорун ишке ашыруу

Өздүк ишти натыйжалуу жүргүзүү, керектөөчүлөрдүн суроо талабына төп келген өнүмдүн өндүрүшүн жолго коюп, өзүнүн кесибинен  жакшы натыйжаларга жетишүү. “Жаш ишкер” республикалык программасы жаштарды ишкерлик негиздерине тартууну, бизнес-көндүмдөрдү үйрөтүүнү көздөйт. “Ата мекен” улуттук палатасы жаштар жылы ишке кошкон долбоор алкагында 18 менен 29 жаш аралыгындагы 20 миң казакстандык окуу курсунан өтүп, анын 5 миңи жеке ишкерлигин ачууга үлгүрүшкөн.

АСЕТ САДУАКАСОВ, «АТАМЕКЕН»  ҮКП МАССАЛЫК ИШКЕРЛИК ЖАНА МИКРОКАЖЫЛОО ДЕПАРТАМЕНТИ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ

- Чакан бизнес ачкан жаштардын көбү кече гана эки колго бир күрөк издеп жүргөн жумушу жок жаштар эле. Учурда алар жеке ишканасын ишке кошуу үчүн алгачкы кадамдарын жасап жатат. Кээбир бизнес идеялар чийки болуп жатат. Алардын натыйжасыздыгы окуу жүрүшүндө аныкталат. Ал үчүн шек туудурган долбоорлордун маркетингдик изилдөөлөрү жүргүзүлөт. Экспертизалардын көбүн катышуучулардын өздөрү жасайт. Демилгеси сынактардан ийгиликтүү өтсө, автору өз долбоорун ишке ашырууга киришет.

Жаштардын социалдык жигердүүлүгү менен жарандык жоопкерчилигин жогорулатуу. Бул максатта өлкө деңгээлинде бир катар долбоорлор бирдиктүү колго алынып келет. Мындай демилгелердин бири “JasА” деп аталат. Ал жаштардын чөйрөсүндө, казакстандык жаңычылдарга калктуу конуштарды өнүктүрүүгө өз салымын кошууга мүмкүндүк берген бир катар долбоорлорду ишке ашырууга багытталган.

АРСЕН ҚАМБАЛОВ, «ЖУМУШЧУ ЖАШТАР БИРИМДИГИ» КБ «JASA»  ДОЛБООРУНУН ПРОГРАММАЛЫК МЕНЕДЕРИ

- Биздин «Жаса» долбоорубуз 14 менен 28 жаш аралыгындагы жаштарды колдоого багытталган. Бир кызыгы айыл аймактар менен чакан шаарлардын жаштары өзгөчө жигердүүлүк көрсөттү. Учурда 104 долбоор ишке ашуу алдында турат.

Долбоорлордун тематикалык алкагы менен маани-маңызы ар түрдүү болгону менен башкы максаты өлкө ийгилиги үчүн жасалып жаткан социалдык демилгелер. Мисалы бири мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга арналган спорттук аянтча курууну көздөсө, кээ бирлери коомдук жайларда атайын отургучтар менен жарык берүүчү каражаттарды орнотуп жатат. Жалпы быйыл жумушчу жаштар биримдиги беш долбоорду ишке ашырган. Алардын бири-«Жаштар иштеринин Академиясы».

БЕЙСЕНАЛИ КАРАБАЕВ, «ЖУМУШЧУ ЖАШТАР БИРИМДИГИ» КБ  «ЖАШТАР ИШТЕРИ  АКАДЕМИЯСЫ» ДОЛБООРУНУН ПРОГРАММАЛЫК МЕНЕЖЕРИ

- Жаштар иштеринин академиясы Атырау облусунун жаштар саясаты тууралуу башкарма менен биргелешип бул долбоорду ишке ашырып жатабыз. Бул орток демилгебиз үч тернинг менен бир конференциядан түзүлгөн. Азыркы убакытта биз пландалган бардык үч тренингди өткөрдүк. Анда биз эмгекке жарамдуу жумушчу жаштарды камтууга аракет кылдык. Мындай долбоор башка эч жерде болбогонун өзгөчө атап өткүм келет.

Серепчилер жаштар жылы Казакстанда ишке ашырылган бардык долбоорлор жаш жарандардын эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өз салымдарын кошот  деген пикирде.

Фото: kstnews.kz