Казакстанда жаштар жылынын жыйынтыгы чыгарылды

Казакстандын борборунда Жаштар жылынын жыйынтыгы чыгарылды. Жаш жарандарды мамлекеттик колдоо чаралары Парламенттин Мажилисинин отурумунда талкууланды.

 Спикердин маалыматы боюнча, өкмөт атайын жол картасын иштеп чыккан. Ал 89 багыттан туруп, анын 13 аткарылды, ал эми калгандары ишке ашуу босогосунда турат.

Мындан тышкары, республикада “Жаш адис” жана “Жаш ишкер” долбоорлорун кошуп алганда, бир катар программалык иш-чаралар көздөлгөн. Анын алкагында 20 миң адамды окутууга 1,5 миллиард теңге бөлүндү.

НУРЖАН АЛЬТАЕВ, РКНЫН ПАРЛАМЕНТ МАЖИЛИСИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Жаштарды жумуш менен жана туруктуу киреше менен камсыз кылуу үчүн “жаш адис” жана “жаш ишкер” программасы ишке ашырылууда. Ага ылайык, Казакстанда жүз окуу жайынын базасында үч жыл ичинде эң керектүү адистиктер боюнча 210 миң жаш адисти даярдоо пландалууда. Бул абдан мыкты тажрыйба, мындай программа эч жерде ишке ашырылган эмес, мындай өзгөчөлүк бир гана биздин өлкөдө.

Фото: ustinka.kz