КЭАнын илимий-талдоочулук кеңешине 10 жыл

Казакстан Элдер Ассамблеясынын илимий-талдоочулук кеңешине он жыл болду. Мааракенин урматына борбор калаада "көп түрдүүлүктөгү биримдик: Казакстан жана эл аралык тажрыйба" аттуу окумуштуулар менен талдоочулардын  эл аралык форуму болуп өттү. Ага белгилүү коомдук ишмерлер, илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын, өкмөттүк эмес жана жаштар уюмдарынын жетекчилери катышты. Катышуучулар КЭАнын илимий-талдоочулук кеңешинин иш жыйынтыктарын чыгарышты. Мындан тышкары, этностор аралык мамилелерди изилдөөнүн азыркы абалы жана жаңы багыттары, глобалдашуунун таасири сыяктуу маселелер талкууланды. Эске салсак, Ассамблеяга караштуу Консультативдик-талдоочулук мекемеси Эл Башы, КЭАнын төрагасы Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы боюнча 2009-жылы түзүлгөн. Ага этнос аралык мамилелерди изилдөө менен алектенген көрүнүктүү окумуштуулар кирген.

АЙГУЛЬ САДВОКАСОВА, КЭС ИЛИМИЙ-ТАЛДООЧУЛУК КЕҢЕШИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Казакстан Борбордук Азия аймагындагы өлкөлөр менен тыгыз байланышта. Башкача айтканда, биз бул жараяндарды Казакстандан бөлүп карай албайбыз, биз Борбордук Азия менен Евразия мейкиндигинде болуп жаткан процесстерди призма аркылуу кароого тийишпиз. Бизде Казакстан Элдер Ассамблеясынын ролу кандай, бул диалогду кантип түзүү керек деген маселелер, анын ичинде медиация да бар. Андан кийинки багыт жаштардын ролуна арналган. Бизге бүгүнкү күндө жаңы муундун баалуулуктары абдан өзгөргөнү маалым. Бирок алар Казакстандын жана жалпы эле региондун соңку позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жана көрүнүшүнүн драйвери болуп калышы мүмкүн.

АНАТОЛИЙ БАШМАКОВ, ГУМИЛЁВ Л.Н АТЫНДАГЫ КЭАНЫН ЕУУ КАФЕДРА БАШЧЫСЫ:

- Мен Казакстан Элдер Ассамблеясынын олуттуу түзүмү, этно саясат процесстерин тереңдетүүгө өбөлгө түзөт деп ойлойм. Илимий-талдоочулук кеңештин 10 жылдык ишинин маанилүү жыйынтыктарынын бири - Казакстан Элдер Ассамблеясы кафедраларанын пайда болуусу. Бул да коомдук аң-сезимди жаңыртууга, улут аралык мамилелер маданиятын калыптандыра турган куралдардын бири болуп саналат.