«Олимп» букмекердик кеңсеси балдар спортун өнүктүрүү долбоорун ишке киргизди

«Олимп» букмекердик кеңсеси Талдыкоргондо балдардын массалык спортун өнүктүрүү боюнча уникалдуу социалдык долбоорду ишке киргизди. Шаардын бардык мектептерине “Олимп” букмекердик кеңсесинен белек катары футбол ойноого арналган керектүү шаймандар тапшырылды. Билим алып жаткан көп балалуу жана жашоо шарты төмөн үй-бүлөлөрдөн чыккан 700гө жакын бала мектеп секциясында бекер окутулат. Аларга атайын программа боюнча футбол ойноо үйрөтүлөт.

БИРЖАН БАЙГАЛИЕВ, ДОЛБООР ЖЕТЕКЧИСИ:

- Дене тарбия мугалимдери “Жетысу” футбол борборунун консультативдик колдоосу менен семинар-окуулардан өтөт. Биз алар үчүн атайын билим алуу программасын иштеп чыктык. Алар ушул программанын негизинде билимин жакшыртат. Башкача айтканда, аларга план, бир аптага арналган конспекттер планы берилет. Ошол план боюнча бир жума бою балдар менен спорт залда иштешет.

Долбоор спорт шаймандарын таратуу менен гана чектелбей, машыгууларды да уюштурат. Футбол турнирлери болот, ошондой эле, балдар түрдүү экскурсияларга чыгат. Мындан сырткары эл аралык жолугушууларга баруу да каралган. Эң таланттуу балдар Европалык “Челси”, “Барселона” лиссабондук “Спортинг” футболдук клубдары менен таанышууга жиберилет.

«ОЛИМП» БУКМЕКЕРДИК КЕҢСЕСИНИН ӨКҮЛҮ:

- Биздин милдет - баарынан мурда коомдун аярлуу катмарын камтуу болду. Социалдык жактан корголбогон үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар тилекке каршы өздөрүнө каражат жумшай албайт. Биз өлкөдө спорттун өнүгүшүн каалайбыз. Бул биздин жаркын келечегибиз. Ал эми жаркын келечек - биздин балдарыбыздын колунда. «Олимп» букмекердик кеңсеси жаркын келечекке жетүү үчүн салым кошууга даяр.

Пилоттук долбоор ийгиликтүү болсо бүткүл облусту, кийин башка аймактарды да камтыйт. «Олимп» букмекердик кеңсеси жалаң эле футболду гана эмес, командалык спорт түрлөрүн өнүктүрүүнү көздөйт.

Фото: stavka365.com