Улуу Британияда билим алып жүргөн казакстандык жаш илимпоздор

Европанын 200дөн ашуун университети казакстандыктарга жыл сайын билим берүү гранттарын бөлөт. Ошентсе да, ата мекендик студенттер үчүн эң белгилүү багыттардын бири – Улуу Британия эсептелет.

Бүгүнкү күндө Бириккен Королдукта PHD программасы боюнча 80 казакстандык стипендиант билим алууда. Алардын ичинде Куин Мэри атындагы Лондон университетинин 4-курсунун докторанты Айгерим Умбетбаева бар. Анын илимий долбоору каржылык эсепке алуу механизмдерин изилдөө жана инвестиция тартуу багыттарына арналган. Докторант эл аралык стандарттар боюнча БУУнун өкмөттөр аралык талдоочулар тобунун курамына кирет.

АЙГЕРИМ УМБЕТБАЕВА, КУИН МЭРИ УНИВЕРСИТЕТИНИН PHD ПРОГРАММЫСЫ БОЮНЧА СТУДЕНТИ:

- Менин эмгегимдин жаңылыгы – Казакстан тууралуу мындай изилдөөлөр буга чейин жүргүзүлгөн эмес. Ошондуктан бул бүтүндөй дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде өзүнчө Казакстан тууралуу каржылык маалыматтардын таасиринин системалык анализи болуп саналат. Бүгүнкү күндө каржылык отчёттуулукту түзүү менен бир катар көйгөйлөр бар. Бул каржылык эсепти түзүү сапатынын маселелери жана бул тармакта кесипкөйлөрдү сертификациялоо.

Мухит Кулмаганбетов да докторантурада окуудан өтүүдө, бирок башка ЖОЖдо. Кардифф - дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин бири. Мухит Офтальмология жаатында өз билимин жогорулатууда. Жаш окумуштуу бүгүнкү күндө глаукома оорусун алдын ала аныктоо темасында жергиликтүү кесиптештери менен биргелешкен долбоорду иштеп чыгууда. Бул оору акыркы кезде күч алып, глобалдык көйгөйлөрдүн бирине айланган. Жаш окумуштуу аны чечүүгө өз салымын кошууну каалайт.

МУХИТ КУЛМАГАНБЕТОВ, КАРДИФФ УНИВЕРСИТЕТИНИН PHD ПРОГРАММАСЫ БОЮНЧА СТУДЕНТИ:

- Менин изилдөө иштеримдин жаңылыгы - бул жасалма интеллектти колдонуп, ар бир адамдын алдын ала глаукома менен ооруйт же оорубайт деген классификациясын аныктоо. Ошондуктан биз ал программаны аягына чыгарып, бейтапкананын тажрыйбасына киргизип алсак, глаукоманы аныктоо сыяктуу маселелерди чечиши мүмкүн. Буга кошумча биз азыр жасалма интеллект менен машиналык окутууну изилдеп жатабыз. Ошондой эле, көп статистикалык жана компьютердик программаларды иштеп чыгуудабыз.

Айта кетсек, чет өлкөдө билим алган жаш окумуштуулар - тажрыйбалардын бардыгын жакынкы арада өз мекенинде, Казакстанда колдонууну пландап жатат.

Фото: angliya.com