Сөксөөлдүн изилдене элек касиеттери

Ал топуракты эрозиядан коргоп, климатты жөндөөгө таасир берет. Ошондой эле, окумуштуулар талаа бадалынан чанда кездешүүчү рений металлын табышты. Казакстандагы Ботаника жана фитоинтродукция институтунун кызматкерлеринин пикиринде, ал дүйнөдө өтө талап кылынуучу жана кымбат металл болуп эсептелет. Ал көбүнчө авиакуруу өнөр жайында, химиялык жана электрондук шаймандарды өндүрүү тармактарында колдонулат. Андыктан сөксөөлдүн касиеттерин баалоо мүмкүн эмес, деп белгилешет адистер.

ЛИЛИЯ ДИМЕЕВА, БИОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, БОТАНИКА ЖАНА ФИТОИНТРОДУКЦИЯ ИНСТИТУТУНУН БАШЧЫСЫ:

- Бул сейрек металл негизинен жер астынан кезигет. Эми жердин үстүнөн табылып жатат. Албетте, көп эмес. Бирок илим үчүн бул чоң жетишкендик. Ал алтындан да кымбат бааланган плантина тобунун бир түрү. Анын колдонуу чөйрөсү кең.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, чөлдүн негизги өсүмдүгүнүн касиеттери толук изилденип бүтө элек. Алардын айтымында, сөксөөлдөн дары-дармек да жасоого болот.

ЛИЛИЯ ДИМЕЕВА, БИОЛОГИЯ ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, БОТАНИКА ЖАНА ФИТОИНТРОДУКЦИЯ ИНСТИТУТУНУН БАШЧЫСЫ:

- Сөксөөлдүн курамында алкалоиддер бар. Аны жүрөк кан-тамыр ооруларын дарылоодо, жалпы кан басымды төмөндөтүүчү дары-дармек катары пайдаланууга болот. Азыр бул ыкма бир гана элдик медицинада колдонулуп жүрөт. 

Жалпысынан сөксөөл чөлдүү айтмактарда токой ресурстарын көбөйтүүгө жана туздуу жерлерди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле, ал көптөгөн жандыктар менен канаттуулардын мекендеген жери болот. Ошондуктан, сөксөөлдү кыюуга тыюу салуу мораторийин узартуу аймактын курчап турган чөйрөсүнө оң таасирин тийгизет дешет биологдор. 

Фото: ecoportal.info