Казакстанда топуракты талдай турган лаборатория ачылды

Сакен Сейфуллин атындагы Казак агротехникалык университетинин базасында Борбордук Азияда аналогу жок топурак изилдей турган уникалдуу лаборатория ачылды. Ал топурак курамын аныктап, 10 элемент боюнча талдоо жүргүзөт.

АЙГҮЛ ҚАСЫМКАН КЫЗЫ, ЛАБОРАТОРИЯНЫН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Бир сааттык ишти беш мүнөткө чейин кыскарта алабыз. Башкача айтканда, топурактын курамындагы бардык металлдар, макро жана микро элементтер, туздар, кошулмалар аныкталат. Мындан тышкары топурактын бардык фазаларына изилдөө жүргүзө алабыз. Бул талдоо суюк, газдык жана катуу фаза болуп саналат.

Заманбап жабдууларды сатып алууга Германиянын университети 300 миң евро грант бөлгөн. Эми лаборатория евростандартка ылайык жер кыртышынын сапатын талдоого, аны менен талаалардын түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жергиликтүү аграрийлерге мүмкүнчүлүк берет.

АҚЫЛБЕК КҮРЫШБАЕВ, С. ССЕЙФУЛЛИН АТЫНДАГЫ КАЗАТУ РЕКТОРУ:

- Мурун көптөгөн фермерлерибиз талдоо үчүн өзүнүн топурагын чет элге жиберип турган. Америкага, Европага жиберген. Азыр аны өзүбүздө иштеткенге мүмкүнчүлүк алып жатабыз. Биз ошол лабораторияда иштеген адистерди даярдайбыз. Андан кийин долбоорду Казакстандын башка аймактарына да жайылтышыбыз керек.

Лаборатория жергиликтүү жана Борбордук Азия аймагынын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен кызматташууну көздөп жатат. Адистердин айтымында, ички жана тышкы тапшырыктарды  аткаруу үчүн дарамет жетиштүү.

Фото: 4geo.ru