Нур-Султанда Сакен Сейфуллиндин 125 жылдыгына арналган конференция өттү

Борбордо «Сакен Сейфуллин: инсан жана убакыт» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция өттү. Иш-чара казак адабияты классигинин 125 жылдыгына арналган. Конференцияда казак адабиятынын көрүнүктүү адамы Сакен Сейфуллиндин саясий-коомдук кызматы, илимий жана жазуучулук эмгеги, чыгармачыл инсандын заманбап көз карашы тууралуу ой-пикирлери айтылып, спикерлер тарабынан баяндамалар окулду. Иш-чарага чет элдик жана өлкөдөгү белгилүү коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, акын-жазуучулар жана окумуштуулар катышты.

УЛЫКБЕК ЕСДАУЛЕТ, РКНЫН ЖАЗУУЧУЛАР БИРИКМЕСИНИН ТӨРАГАСЫ:

– Ал карама-каршылыктарга карабастан ошол замандагы большевиктик саясаттын өзүн, биздин өлкөнүн, улуттун, журттун кызыкчылыктарына карай бурган, улуу инсан жана чыныгы ишмер болгон. 25 жылга чейин биз «киргиз, кайсак» аталып келгенбиз. Өкмөттүн өзү «кирцик» деп аталган. Мына ушуну өзгөрткөндөрдүн бири Сакен Сейфуллин болгон. Ал тургай ошол замандагы адабияттын өзүн карасак бардыгында биздин аты-жөнүбүз, казак улутунун аты бурмаланып келген. Мына ошондуктан биз Сакендин алдында бүткүл улут катары карыздарбыз десем жаңылышпайм.

Фото: enu.kz