Казакстанда Neet жаштарынын коомдук портрети жасалды

«Жаштар» илимий изилдөө борборунун серепчилери Казакстандагы Neet муунунун коомдук портретин жасады. Алар адистерди жумуш менен камсыз кылуу, мамлекеттик колдоо программаларына өлкө жаштарынын катышуусундагы көйгөйлөрдү талкуулашты.

ГАЛЫМЖАН КУСМАНГАЛИ, «ЖАШТАР» ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Изилдөө өлкөнүн бардык 17 аймагында жүргүзүлдү. Биздин борбордун социологдору өткөргөн  сурамжылоого эки миң респондент тартылды. Талдоого эки жума убакыт кетти.

Белгилей кетсек, сурамжылоонун корутундусуна ылайык “Диплом менен айылга”, “Жаштар тарбиясы”, “Жашыл өлкө” жана “Болашак” программалары абдан белгилүү. Жыйынтыгында борбордун адистери бир нече атайын сунуштарды даярдашты.

МАРИЯМ КУСАЙЫНОВА, «ЖАШТАР» ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Биринчиден, жаштар саясатын жаштардын ар кандай топтору менен максаттуу түрдө узак мезгилдүү иш алып барууга багыттоо. Экинчиден, жаштардын туруктуу турак жайы боюнча өткөрүлө турган маалыматтык иш-чараларды жандандыруу. Үчүнчүдөн, окуучулардын ата-энелери менен класстык сааттарды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Бул багыттагы кийинки сунуштардын бири –окуучулардын бош убакыттарын пайдалуу өткөрүшү үчүн акысыз борборлорду ачып, мектептен сырткаркы иш-чараларга тартуу.

Белгилей кетсек, Neet муунуна эч жерде окубаган же иштебеген жаштар кирет. Бул термин биринчи жолу өткөн кылымдын аягында Улуу Британияда колдонулган. Кийин дүйнөлүк деңгээлдеги феноменге айланган.

Фото: ocm.wiltshire.gov.uk