Тогуздун айынын он сегизи – руханий келишим күнү

Тогуздун айынын он сегизи – руханий келишим күнү

Тогуздун айынын он сегизинде Казакстанда руханий келишим күнү белгиленет. Бул – биримдик менен кечирим, мээримдүүлүк менен түшүнүү күнү. Бүгүнкү күндө республикада 140тан ашуун улут менен 18 конфессия өкүлдөрү биримдик жана тынчтыкта жашап келе жатышат. 1992-жылы  Алматыда Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен биринчи дүйнөлүк руханий келишим конгресси өткөн. Ага ар кандай конфессиялардын, теологиялык мектептер менен гуманитардык коомдук кыймылдардын өкүлдөрү чогулган. Орток чечим менен тогуздун айынын он сегизи руханий келишим күнү деп белгиленген.

ТИМУР ДЖУМУРБАЕВ, КЭАнын  АЛДЫНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ЖАШТАР УЮМУНУН ТӨРАГАСЫ:

-Биздин өлкө канчалаган этностор менен конфессиялардын бир коомдо өмүр сүрүп, өздөрүнүн маданиятын, тили менен динин сактап, өнүгө аларынын жаркын мисалы болуп жатат. Бизде корей, уйгур, өзбек жана немис тилдеринде өз спектаклдерин кое турган академиялык театрларыбыз бар. Ушунун баары биздин көп улуттуу коомдо өнүгүүгө шарт түзүүдө.

НАУРЫЗБАЙ АЖЫ ТАГАН УУЛУ, КМДБ ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ, НАИБ МУФТИЙ:

-Бир нече дин өкүлдөрү биргеликте өмүр сүрүп келе жатабыз. Азыр ааламдашуу убагында бул биримдикти мындан ары бекемдөө үчүн атайын институттар, жыйындар керек экени баарыбызга белгилүү. Дал ошондой жаркын аракеттердин бири – бул Руханий келишим күнү. Бул саамалыкты ар кайсы конфессия өкүлдөрүнүн башчылары жолугуп, өз ойлорун элге жеткирип, калктын биримдигине салым кошо турган күн деп эсептейбиз.

Фото: Хабар 24