Аралдын Борбор Азия үчүн маңызын баяндай турган китеп жарык көрдү

«Арал деңизи бассейнинин суусу Борбор Азиянын туруктуу өнүгүшү үчүн» аттуу китеп жарык көрдү. Убагында көлөмү боюнча дүйнөдө 4-орунду алган көлдүн тартылуусу Казакстан менен Өзбекстан гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги маселеге айланганына жарым кылымга жакындады. Илимий эмгекте экологиялык кырсыкка тиешелүү бардык маалымат камтылган. Эки жыл бою жазылган жыйнакка алтымыш автордун изилдөө жумуштары кирген. Анын тең жарымы аймак окумуштууларынын талдамалык маалыматтары. Китепте тиричилик булагынын тартыштыгы коомдун ал-акыбалы менен бирге аймактын экономикалык өнүгүшүн басаңдаттары айтылган. Деңиз каналын калыбына келтирип, суунун корун ысырап кылбоо камындагы Казакстандын демилгелери өз натыйжасын берүүдө, дейт китеп редактору.

СТЕФАНОС КСЕНАРИОС, КИТЕПТИН РЕДАКТОРУ, PHD ДОКТОРУ / ГРЕЦИЯ:

- Казакстан деңиздин түндүк жээктеринин 70 пайызга жакынын калыбына келтирди. Китептеги менин темам туруктуу өнүгүүгө тиешелүү болду. Ал жерде мен деңизге тиешелүү 2018-жылга чейинки көптөгөн жаңы статистикалык маалыматтарды келтирдим. Менин оюмча, бул багытта Казакстан аймакта көч баштап келе жатат. Анткени өлкө таза суу менен 100 пайыз камтылган. Ал эми суу бөлүштүргүч желелер жашоочулардын 80 пайызына чейин тартылган. Ошондуктан да бул багыттагы Казакстандын туруктуу өнүгүү көрсөткүчтөрү жигердүү түрдө өнүгүп келе жатканын айткым келет.

Фото: caa-network.org