“Хабар” Агенттиги дүйнөлүк телевизиондук өнүмдөрдүн рыногунда

«Хабар» Агенттигинин өнүмдөрү – телефильмдер, сериалдар жана программалар дүйнөдөгү эң ири MIPCOM аудиовизуалдык рыногуна чыкты. Ар кыл өлкөлөрдөн келген катышуучулар «Хабар» Агенттигинин теле өнүмдөрүнүн стендине абдан кызыгуучулук артты. Кээ бири агенттик телеканалына жарыкка чыккан дүйнө менен биринчи жолу таанышып жатса, кээ бири казакстандык контенттин жогорку сапаттуу экенин айтат. Бул көргөзмөдө «Хабар» кызыктуу чет элдик фильмдер жана сериалдар гана эмес, өзүнүн жараткан мыкты чыгармаларын дагы сунуштады.

ЕРЛАН БЕКХОЖИН, “ХАБАР” АГЕНТТИГИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Биздин максатыбыз – ата мекендик көрүүчүлөргө кызыктуу боло турган өнүмдү табуу. Ошону менен катар Агенттик өндүргөн чыгармаларды дүйнөгө таанытуу, жайылтуу. Кубандырганы эл аралык базарда биздин өнүмгө суроо-талап жогору. Таанып, билгендер бар. Мындан тышкары, бир нече телекомпания биздин агенттиктен өз контенттерин таратууга көмөк көрсөтүүбүздү сурап келди. 

«Хабар» телеканалына кирген "Kazakh TV" Арменияда да пайда болду. Бул боюнча Агенттик жетекчилиги менен келишим түзүлдү.  Биринчи казастандык спутник каналы дүйнөнүн 118 өлкөсүндө бир убакытта 5 тилде чыгат. Ал эң алды менен Казакстандын тарыхы, маданияты, табиятына кызыгуучулук арткан чет өлкөлүк аудиторияга арналган. "Хабар" Агенттиги ири дистрибьютор менен Армения аймагында кабелдик жана спутниктик тармактар аркылуу өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү пландаштырууда.

МАЙЯ БЕКБАЕВА, «KAZAKH TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Деген менен  казак жана армян элдери бири–бирине жакын. Казакстанда жашап жаткан армян диаспорасы чоң, Казакстандан тарыхый мекени Арменияга көчүп баргандар да көп. Биздин контент алар үчүн абдан кызыктуу болот деп ойлойм.  

Фото: Хабар 24