Нур-Султанда «Шаардык суу ресурстарын башкаруу» форуму өттү

Курчаган чөйрөнү коргоп, табигый корду ысырап кылбоо. Бул жашыл саясатка өтүүнүн алгачкы шарттары. Ушул багытта таза суу сапатын жакшыртууну колго алуунун мааниси жогору. Бул тууралуу Нур-Султанда өткөн «Шаардык суу ресурстарын башкаруу»  аттуу форумда айтылды.

Максат – тиричилик булагынын сапатын жакшыртып, суу тараткыч системаны толук жаңыртууга керектүү мыкты технологияларды киргизүү. Жыйында Нидерланды, Жапония, Белгия өлкөлөрүнүн тармактык окумуштуулары өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Ошондой эле, жолугушууда Назарбаев Университети эл аралык суу ассоциациясынын мүчөсү болгону белгилүү болду.

ТЕОДОР ПОПА, ЭЛ АРАЛЫК СУУ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КОМИТЕТ ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Бул мүчөлүк университетке эл аралык ассоциация менен өз ара тажрыйба алмашып, эл аралык мыкты долбоорлорду киргизүү боюнча ири билим фондуна жетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Биздин ассоциация бардык дүйнө боюнча өлкөлөр жана уюмдар менен таза суу маселелерин чечүү үчүн кызматташтык орнотууга аракет кылат. 

ЭД СМИТС, ЭЛ АРАЛЫК СУУ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН КОМИТЕТ ТӨРАГАСЫ:

- Биз өлкөлөрдү кыдырып ал жердеги сууга тиешелүү маселелерди талдап, изилдөөлөрдү жүргүзөбүз. Ал суу ресурстарынын тарифин жол-жоболоштурууга тиешелүү болушу мүмкүн. Пайда болгон маселе боюнча серепчини жиберип, статистикалык маалыматтардын негизинде сунуштарды жасайбыз.