Нур-Султанда онкология лидерлеринин дүйнөлүк саммити өтөт

Нур-Султанда тогуздун айынын 15-17си аралыгында Онкология тармагынын лидерлеринин дүйнөлүк саммити өтөт. Жогорку деңгээлдеги жыл сайын өтүүчү кеңешке катышуучулар онкологиялык оорулары менен күрөш жолдорун издеп, кооптуу шишик ооруларын эрте аныктоо ыкмаларын талкуулашат. Эл аралык форумга тармак лидерлери, саламаттыкты сактоо министрлери, падыша үй-бүлө мүчөлөрү жана эл аралык уюмдардын башчылары катышат деп күтүлүүдө. Бул максатта борборго Кооптуу шишикти көзөмөлдөө тууралуу Эл аралык биримдиктин президенти, Иорданиянын канбийкеси Дина Майред келди.

ДИНА МАЙРЕД, UICC ПРЕЗИДЕНТИ:

- Онкология тармагынын лидерлеринин дүйнөлүк саммити Казакстанга, дарыгерлерге, изилдөө борборлоруна тажрыйба алмашып, эң алдыңкы серепчилердин ыкмалары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет. Нур-Султан шаарына коркунучтуу шишик менен күрөшүү тармагынын 350 адиси келет. Бул форумдун өтүшүн сиздердин өлкөңөрдүн башчылыгы колдоп жатат. Конференция мазмундуу өтүп, эң алдыңкы идеялар менен алмаша турган аянтка айланат деп ишенем.

Фото: azertag.az