Туризм боюнча ЮНВТОнун VIII саммити

UNWTO-нун (ЮНВТО) сегизинчи саммити алкагында Нур-Султандагы жолугушуунун кортундусу боюнча «Акылдуу шаарлар, акылдуу багыттар» декларациясына кол коюлду. Документ Казакстандын борборунун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган. Эскерте кетсек, саммитке дүйнөнүн 80 өлкөсүнөн катышуучулар келди. Анын ичинде туризм индустриясынын адистери, чет өлкөлүк кеңешчилер, ири эл аралык туристтик ассоциациялар менен жеке уюмдардын өкүлдөрү бар. Талкуулоо алкагында серепчилер туризмди кандай өнүктүрүү керектиги тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.

КРИСТОФ ГРЕТЦМАХЕР, PR-КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ ОПЕРАЦИЯЛЫК МҮДҮРҮ / АВСТРИЯ:

- Туризм – азыркы кездеги эң маанилүү темалардын бири, анткени ал өлкөнүн белгилүү болушуна таасир берет жана инвестиция алып келет, ошондой эле, ал өлкөнүн имиджи менен тыгыз байланышта. Ошондуктан, керектүү байланыштарды орнотпосо, өлкөнүн кооздугун, маданиятын жана өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтпөсө, сырт тарап башкача көз карашта болот. Сторителлинг бул – жаңы тренд. Кенен аудиторияга багытталган даректүү тасмаларды көбүрөөк тартуу керек. Себеби Казакстанда чөл талаадан тоого чейин, лыжа тебүүдөн сүзүүгө чейин көрсөтүүгө болот. Туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүз жогору. Бул тууралуу адамдарды кабардар кылышыбыз керек.  

Фото: Хабар 24