Бул жылы Нур-Султанда туризм жана меймандостук институту ачылат

Нур-Султан ишкердик борбор болуп, көптөгөн туристтерди өзүнө тартууда. Келечекте борбор атаандаштыкка жөндөмдүү жана жагымдуу туристтик багыттар боюнча эң алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу UNWTO VIII глобалдык саммитинде айтылды. Форумдун катышуучулары Казакстандын негизги шаары динамикалүү өнүгүүнү көрсөткөнүн белгилешти. 21 жылдын ичинде аймактын аянты эки эсе, ал эми калк 280 миңден миллионго чейин жеткен. Нур-Султан туристтик жагымдуулугун жогорулатуу үчүн акылдуу технологияларды мындан ары да өнүктүрүүгө, логистиканы жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга ниеттенип жатат.

ХЕЛЕНА МАХУАС, «ASTANA CONVENTION BUREAU» МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз бул саммитте өзүбүздүн дараметти тааныштырууга белгилүү бир жакшы мүмкүнчүлүктү көрүп жатабыз. Анткени саммитке 300-400дүн тегерегинде чет элдик катышуучу келди. Алардын көпчүлүгүнүн Казакстанга биринчи сапары. Ошондуктан биз үчүн бул бир гана акылдуу шаарларды талкуулоо эле эмес, туризм жана билим жаатында тажрыйба алмашууну, өнүктүрүү үчүн маанилүү болгон дестинация, ошондой эле биздин шаарыбызды тааныштырууга эң сонун мүмкүнчүлүк.

2019-2025-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасына ылайык, Казакстан ИДӨ үлүшүн көбөйтүүгө жана аны экономиканын түркүгү кылууга ниеттенүүдө. Бул үчүн жеке инвестицияны жигердүү тартуу жана дараметти көтөрүү керек

КРЭЙГ СМИТ, “DHAHRAN TECHNO VALLEY” БАШКЫ МҮДҮРҮ / САУД АРАВИЯСЫ:

- Бүгүнкү күндө бул тармактын башкы тренддеринин бири – кызыктуу окуяга толгон туризм. Бул бийиктиктерди багындырып, дарыядан ылдый көздөй жүрүү дегенди гана билдирбейт. Бул багыттын көздөгөнү көз жоосун алган кооз табиятка суктануу. Кайсы курактагы адамдар болбосун табият койнунда саякаттоону, таза аба менен дем алганды жанындай көрөт. Бул жаатта Казакстандын мүмкүнчүлүгү зор. Кооз табият менен катар бул жерде көптөгөн саякатчыларды кызыктыра турган дагы бир фактор бар. Ал албетте маданияттын сакталуусу. Мисалы, Кытайдын Пекин же Шанхай сыяктуу шаарларында маданият менен байланыш ааламдашуунун таасиринен улам жоголууда.

Бул жылы Нур-Султанда туризм жана меймандостук институту ачылат. Ал бул багытта адистерди даярдоо жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташат. Борбордун акимчилиги бул нерсе дагы көптөгөн туристтерди тартып келерине ишенет.

Фото: inbusiness.kz