Адамдык капитал – мамлекеттин өнүгүшүнүн башкы фактору

Адамдык капитал – мамлекеттин ийгиликтүү өнүгүшүнүн башкы фактору. Казакстан ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү түрдө жогорулатууда. Серепчилердин айтымында, азыркы тапта 200гө жакын европалык жогорку окуу жайлары казакстандык мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн грант бөлөт. 20 миңдей жергиликтүү жаш чет өлкөдө акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүгүнкү күнү 150 миң казакстандык дүйнөнүн эң мыкты билим борборлорунда билим алып жатат. Ал эми, 2025-жылы ушундай студенттердин саны 400 миңге чейин өсөт.

АЛМАС САТЫЛГАНОВ, BOLASHAQ DEVELOPMENT FUND ТӨРАГАСЫ:

- Ааламдашуу заманында билимди туулган өлкөдө гана алуу менен чектелбеш керек. Эгер ушул жерде окууну бүтүрүп, чет өлкөдө магистратурага барууга кызыктар болгон жаштар болсо, жардам көрсөтөбүз.

НАТАЛЬЯ КУДЕЛЯ, FHWS ЧЫГЫШ ЕВРОПА БОЮНЧА КООРДИНАТОРУ:

- Назарбаев интеллектуалдык мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн даярдыгы абдан жакшы. Англис тилин жогорку деңгээлде билишет. Ошондой эле, физика менен математика сабактарынан билими жакшы. Ошондуктан биз аларды эң жакшы талапкерлер катары караштырабыз. Мисалы, быйыл бизге Казакстандан 25-30 адам келди. Дагы кээ бири виза күтүп жатат. Ушуну эске алаганда, биздеги чет өлкөлүк жаштардын саны 150гө жакындайт.

Фото: vecher.kz