БУУнун Өнүктүрүү программасы: Бузулган жерлерди калыбына келтирүү

Бузулган жерлерди рекультивациялоо жана чөлдүү кыртыштын асылдуулугун калыбына келтирүү. Алматыда Борбордук Азия регионунун окумуштуулары менен аграрчылары бул маселенин өзөгүн издеп жатышат. Эл аралык форум БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан уюштурулган. Аталган уюмдун маалыматы боюнча, региондогу өлкөлөрдө жараксыз жерлердин үлүшү 40 пайыздан 100 пайызга чейин жетет. Топуракта гУмустун жоктугу жылына 12 миллиард доллар чыгым алып келет. Кеңешменин катышуучулары үч күндүн ичинде Борбор Азия аймагындагы жерлерди калыбына келтирүү боюнча биргелешкен пландарды түзүшөт.

ЕРЛАН НЫСАНБАЕВ, РКНЫН ЭКОЛОГИЯ, ГЕОЛОГИЯ ЖАНА ТАБИЯТ РЕСУРСТАРЫ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Казакстан бул көйгөй менен күрөшүү үчүн эл аралык уюмдар менен жигердүү кызматташууда. Акыркы 15 жыл ичинде биз дагы  жалпы наркы 52 миллион доллар болгон 30 долбоорду ишке ашырдык. Алардын бири кургап калган Арал деңизине сөксөөл отургуздук. Натыйжада бүгүнкү күндө бийиктиги 3-4 метрге жеткен 56 миң гектар сөксөөл токою пайда болду.