Алтын Ордонун 750 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленет

Алтын Ордонун 750 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленет. Азыркы тапта даярдык жумуштары башталды. Масштабдуу иш-чарага карай Караганды облусундагы Жучи Хан күмбөзү, Хан ордосундагы эстеликтер оңдолот. Аткарыла турган маанилүү милдеттердин бири – Жучи Хан күмбөзүн ЮНЕСКО мурастарынын тизмесине киргизүү. Ошондой эле, ата мекендик туризмди өнүктүрүү максатында 2020-жылы инфраструктураны жакшыртуу колго алынат. Жыл башынан бери Караганды аймагына 30 миң турист барса, анын 3 миңи – чет өлкөлүктөр. Концепцияга ылайык, Улуу Жибек жолу багытына басымдуулук берилет.

НУРГИСА ДАУЕШОВ, РК МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Башкы максат - Өлкө башчысынын кайрылуусун кенен жайылтуу жана эл менен түз жолугушуп, элдин ал-акыбалын билүү, кездешүү. Ошондой эле, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кийинки жылы Алтын Ордонун 750 жылдыгын майрамдоо мерчемделген.

Фото: aigak.kz