Казакстандык окуучулар Чэнду шаарындагы эл аралык мектепте болушту

Казакстан менен Кытай мектептери билим берүү методдорун жакшыртуу боюнча өз ара тажрыйба алмашууда. Кытай тилин үйрөнүп жүргөн окуучулар Чэнду шаарындагы эл аралык мектепте болушту. Комплекстүү билим борборунда бала бакча, башталгыч, орто жана жогорку деңгээлдеги класстар, жатаканасы бар. 7000ден ашык шакирт таңкы 8ден кечки 8ге чейин билим алат.

HUANG BO, TANG WAI МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Биздин мектеп сабактарга бай. Түшкө чейин балдар милдеттүү сабактарды окуса, түштөн кийин алар кошумча сабактарды окуйт. Мектептин башкы өзгөчөлүгү 400гө жакын предмет окутулат. Маданият менен өнөргө байланышкан бардык темаларды камтыйбыз. Мисалы, музыка сабагы өтө турган болсо, анын ичинде заманбап аспаптар менен ойной турган сабактар менен катар эле байыркы Кытай өнөрүн даңазалоо боюнча да окуй алышат. Ошондуктан биздин балдарда чоң тандоо бар.

Эл аралык мектепте англис тили милдеттүү. Мындан башка, француз, немис, жапон, араб жана орус тилдери кошумча окутулат. Билим борбору чет өлкөлүк мектептер менен кызматташтык карым-катнашта. Биздин окуучулардын сапарынан кийин Казакстан менен да тажрыйба алмашуу пландаштырылып жатат.   

HUANG BO, TANG WAI МЕКТЕБИНИН МҮДҮРҮ:

- Казакстандык балдарды, мектеп мугалимдерин кубануу менен кабыл алып жатабыз. Бизге сиздердин өлкөдөн окуучулар алгач ирет келип жатат. Биз үчүн бул маанилүү жагдай. Ал эми келечекте сиздер менен жакындан кызматташабыз деген ойдомун.

Кытайдын алдыңкы катардагы мектептеринин бири менен жакындан таанышкан казакстандык окуучулар менен мугалимдер өз ара жылуу мамиледе болгондугун билдиришти.

КАРЛЫГАШ ЖАҢГАЗАКОВА, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН 26-МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Тажрыйба алмашуу бул маанилүү нерсе деп ойлойм. Эки жакта баланын билимин өздөштүрүү, теория менен тажрыйбаны байланыштыруу бул баа жеткис байлык. Биздин балдар 2 жылдын ичинде окуган кытай тилин бүгүн тажрыйбада ээн-эркин колдонуп жатат. Ошондой эле, алардын шек-күмөн саноолору жоголду. Бул шаарга келсем да, ушул жолду таңдасам да, жашоомду Кытай мамлекети менен байланыштырсамбы деген суроолорго толук кандуу жооп алдым.        

Айта кетсек, жаштар жылы алкагында Кытай элчилиги тарабынан Казакстандагы кытай тилин окуткан ата мекендик мектеп окуучулары үчүн маданий иш сапарлары уюштурулган. Бир жумалык сапар жүрүшүндө окуучулар Кытайдын маданий-тарыхый жерлерин да көрө алышты.

Фото: zagran.guru