Жарандык авиацияны өнүктүрүү

Казакстан 99 эл аралык багытта 24 чет мамлекетик жана 9 дүйнөлүк каржы борбор менен туруктуу аба каттамын орноткон.

Өлкөдөгү жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмү да өсүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын сегиз айында гана жарандык авиация аркылуу 5,6 миллион жүргүнчү ташылды. Бул былтыркы жыл менен салыштырганда 1,8 пайызга көп. 2020-жылы Шанхай менен Сингапурга рейстер ачылат деп күтүлүүдө.

Быйыл Нур-Султандан Токиого, Прагага, Улан-Баторго жаңы багыттар ачылды. Өкмөттө жарандык авиацияны өнүктүрүү жана авиабилеттердин баасын төмөндөтүү маселелери каралды. РК Премьер-министри ата мекендик аба майдандарда чет өлкөлүк авиакомпаниялар үчүн «ачык асман» режимин сунуштоо жумушун жигердүү түрдө жүргүзүүнү тапшырды. Бул атаандаштыкты жогорулатууга мүмкүнчүлүк берип, билет наркынын төмөндөөсүнө таасир берет, дейт Өкмөт башчысы.

Фото: capost.media