Быйыл «Касиеттүү Казакстан» энциклопедиясынын үчүнчү тому жарыкка чыгат

Быйыл «Касиеттүү Казакстан» энциклопедиясынын үчүнчү тому жарыкка чыгат. Бул тууралуу «Казакстандын касиеттүү жерлеринин географиясы» аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция жүрүшүндө айтылды. Кезектеги жыйнакка Костанай, Кызылордо, Караганды жана Жамбыл облустарындагы байыркы эстеликтери киргизилди. Жалпы долбоордун алкагында беш томдук энциклопедия жыйноо пландалган. Ушул демилгенин натыйжасында жалпы улуттук руханий конуштардын тизмеси да өсүп барат.

БАТЫРХАН ЖУМАБАЕВ, «КАСИЕТТҮҮ КАЗАКСТАН» ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

- Мурда баш аягы 100 боло турган болсо, азыр комплекстүү түрдө көбөйүп 206 объект болду. Бул жергиликтүү аймакта окумуштуулардын, тарыхчылардын сунушу менен илимий серепчилик кеңеш мүчөлөрүнө тааныштырылып, ошол изилдөөлөрдүн натыйжасында чыккан жаңыртылган  картабыз болуп саналат.

Өлкөнүн маданий мурасын изилдөө башка да илимий долбоорлор алкагында улантылат. Алдыдагы убакытта «Аль-Фараби изи менен» аттуу 2 айлык экспедиция пландалган. Окумуштуу топ мүчөлөрү улуу ойчулдун басып өткөн жерлерин көрүп чыгат. Ага чет өлкөлүк илимпоздор да катышат. Белгилей кетсек, 2020-жылы ЮНЕСКОнун колдоосу алдында улуу түрк ойчулу Ал-Фарабинин 1150 жылдык мааракеси  өтөт.

АБДОЛЛА КАРЧАХ, PHD ДОКТОРУ, ПРОФЕССОР / ТҮРКИЯ:

- Түрк тилдүү өлкөлөрдүн түбү бир. Боордош элдердин тарыхы окшош. Биз Борбордук Азия, Казакстан, Кыргызстан жерлеринде жергиликтүү окумуштуулар менен биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзүп келебиз. Жакында Түркестан облусунда жаңы долбоор башталат. Анын максаты касиеттүү жерлердин аэрокосмостук сүрөттөрүн түзүү, тарыхый эстеликтерди талдоо жана жаңы нерселерди ачып берүү болуп саналат.

Жалпысынан "Казакстандын касиеттүү жерлеринин географиясы" долбоору боюнча 56 археологиялык казуулар жүргүзүлүп, 25 тарыхый объект калыбына келтирилген. Илимпоздор бул жаңы иштер дагы да улантыларын белгилешүүдө.

Фото: apgazeta.kz