Нур-Султанда Ядролук куралдын кесепетине арналган эл аралык көргөзмө ачылды

«Сиз баалагандын баары – ядролук куралдан эркин дүйнө үчүн». Нур-Султанда жалпы КМШ мейкиндигинде биринчи жолу ушундай аталыштагы эл аралык көчмө көргөзмө ачылды. Дүйнөнүн 20 өлкөсүн кыдырган дүйнөлүк экспозиция кооптуу куралдан толук баш тартуунун адамзат тагдыры үчүн маанисин БУУ маалыматтары аркылуу баяндайт. Эл башынын Семей сыноо полигонун жабуу тууралуу абдан маанилүү токтомунун отуз жана Борбор Азиянын ядролук куралдан эркин аймак экени тууралуу шартынын он жылдыгына арналган иш-чараны жапон адистеринин уюштуруусу жөн жерден эмес. Бул өлкө  Казакстандын  ядролук куралга каршы күрөш жолундагы башкы өнөктөшү катары саналат. Анткени эки өлкө тең аталган кооптуу куралдын ачуу даамын таткан. Көргөзмө үстүбүздөгү айдын он үчүнө чейин иштейт.

КҮЛАЙША АКТАЕВА, РК ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТИ - ЭЛ БАШЫ КИТЕПКАНАСЫНЫН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Жакында эле Токио шаарында «Ядролук куралсыз дүйнөгө жол» аттуу ири көргөзмө жана эл аралык конференция өткөрүп келдик. Эми биздин жапон өнөктөштөрүбүз да өздөрүнүн ушул темадагы, ядролук куралсыздандыруу жолундагы иш-аракеттерин баяндай турган көп маалыматтарды казакстандыктарга көрсөтүү үчүн уюштуруп жатат.

ХИРОЦУГУ ТЕРАСАКИ, SOKA GAKKAI INTERNATIONAL ВИЦЕ ПРЕЗИДЕНТИ:

- Ядролук курал эмне экенин көбү билгени менен, анын коркунучун баары бирдей сезе албайт. Бул дүйнөлүк көйгөй болгону менен көпчүлүк ага тиешелүү деңгээлде көңүл бөлбөйт. Биздин башкы максатыбыз – ушул көргөзмө аркылуу кооптуу куралдын жалпы адамзат үчүн пайда кылып жаткан коркунучун болушунча көпчүлүккө жеткирүү. Казакстандын антиядролук демилгелери коомчулукта белгилүү, башкаларга үлгү. Биздин өлкөбүз да жапырт кырып жок кылуучу коркунучу жогору куралды таратпоо тууралуу дүйнөлүк кыймылдын көч башында келе жаткан мамлекеттердин бири.

Фото: presidentlibrary.kz