Казакстандык окуучулар Кытайдагы атактуу Шаолинь монастырынан өзгөчө таасир менен кайтышты

Казакстандык окуучулар Шаолинге барды. Белгилүү монастырь Кытайдын борборунда, Суншань тоосунун боорлорунда жайгашкан. Ал 495-жылы император Сяо Вэнь-Динин колдоосу менен негизделген. Бүгүнкү күндө бул туристтер үчүн зыярат кылуучу жер. Шаолинь жана Кытай маданияты менен таанышуу Казакстандык окуучулардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Анткени алар тасмаларда гана белгилүү болгон будда монастырын өз көзү менен көрө алышты.

ДАРИЯ НУРТАЕВА, ОКУУЧУ:

- Биз бул жерде көп жаңы нерселерди таанып-билип жатабыз. Мисалы, мен буга чейин Будда дини тууралуу эч нерсе билген эмесмин. Мага Шаолинь монастыры абдан жакты. Бул жерде абдан кызыктуу болду. Мага айтылган тарых менен болуп өткөн окуялар жакты. Тагыраак айта турган болсом, айкелдер, кечилдердин өздөрү, монастырлар бардыгы эң сонун.

Окуучуларга монастырь таасир бердиби, же Будда тууралуу айтылган окуяларбы, айтор алар да башка туристтер менен бирге чырак күйгүшүп, каалоо-тилек айтышты. Алардын айтымында, ушундай сапарлар ой-өрүшүн кеңейтип, дүйнөнү жакындан таанууга эң сонун жардам берет.

ДИЛНАЗ ТОКЫБАЕВА, 10-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ:

- Менин Кытай тууралуу жалпы оюм, пикирим толугу менен өзгөрдү. Ал мен ойлогондон да кооз, тарыхы кызыктуу болуп чыкты. Бул сапар мага Кытайдын жаңы жактарын ачты. Сапардын алкагында Кытайды, керек болсо өзүмдү жаңы жактарымдан тааныдым деп айта алам. Ошондой эле, өлкөнүн менталитети, маданияты жана каада-салттары менен тааныштым.

Казакстандык окуучулар Шаолинь монастыры менен жакындан таанышкандан кийин, балдарга арналган шаолинь маданияты менен жоокердик өнөрүн үйрөтө турган мектепке барышты. Күжүрмөн коюлумдар да балдарга өзгөчө таасир берди. Белгилей кетсек, Казакстандагы Кытай элчилиги Жаштар жылынын алкагында кытай тилин үйрөнүп жүргөн мектеп окуучуларына атайын маданий сапар уюштурган. 1 жумалык сапардын алкагында ата мекендик мектеп окуучулары Кытай өлкөсүнүн 4 шаарында болуп кайтышты. 

Фото: fishki.net