Казакстанга NASA астронавты Шэннон Уокер келди

Казакстанга NASA астронавты Шэннон Уокер келди. Космосто болгон баатыр аял тогуздун айынын 4-10 аралыгында Алматыда өтө турган Космос жумалыгына катышат деп күтүлүүдө. Ал жерде тармактын илимий-техникалык ийгиликтери менен келечеги тууралуу талкуулар уюштурулат. Эскерте кетсек, доктор Уокер мындан 9 жыл мурда Байкоңур космос талаасынан учурулган МКС бортунун инженери. Ал космосто 163 күн болгон.

ШЭННОН УОКЕР, NASA АСТРОНАВТЫ, ОКУМУШТУУ / АКШ:

- Мен Казакстанга кайра кайтып келгениме абдан кубанычтамын. Анткени бул өлкөнү көбүрөөк таанып-билүүмө эң сонун мүмкүнчүлүк жаралды. Мен алгачкы сапарымда бир гана Байкоңур космодромун көргөн элем. Эми Казакстанды башка жагынан ачкым келет. Бул жердеги жергиликтүү жашоочулар менен жолуксам дейм. Окуучулар менен маектешүүнү мерчемдеп жатам. Өлкөнүн көрүнүктүү жерлерин кыдырам. Мен Казакстандын адам баласынын космоско учуусу үчүн жасап жаткан бардык маанилүү иштерин сыйлайм. Биз космоско ушул жерден учуп, кайра аман-эсен конгонбуз. Биз үчүн бул абдан маанилүү өлкө.

Фото: Казинформ