Осмон Султандары менен Казак хандарынын кат алмашуулары

Осмон Султандары менен казак хандарынын кат алмашуусунун көчүрмөлөрү ата мекендик окумуштууларга жеткиликтүү болуп калды. Аларды Түркиянын тарых жана маданият Ассоциациясы Борбордук мамлекеттик кино-фотодокументтер жана өлкөнүн үн жазуучу архивине өткөрүп берди. 40 кат 16-17-кылымдарга таандык болуп саналат. Анда Осмон империясына казак элчилеринин сапары, баалуу документтерди өткөрүп берүү жана берилген белектер тууралуу айтылат. Жакын арада алып келинген документтер казак жана орус тилдерине которулат.

АСЕЛЬ ЛАХАЕВА, «YERTAD» АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ДОЛБООР БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

Азыркы убакта биздин фонддо түрк дүйнөсү менен байланышкан 70 миңге жакын сейрек китептер, кол жазмалар, манускриптер сакталып турат. Келечекте биз Казакстан менен биргеликте көптөгөн ар түрдүү иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз.

ГУЛЬМИРА МУХТАРОВА, МАМЛЕКЕТТИК КИНО-ФОТОДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ҮН ЖАЗУУЛАР АРХИВИНИН МҮДҮРҮ:

– Биздин архив Ассоциация менен биргеликте 2020-жылы Түркиянын бир нече провинцияларында Казакстандын байыркы шаарларынын тарыхы жана Нооруз майрамы тууралуу көргөзмөсүн уюштурууну пландаштырууда.

Фото: gazeta.ua