Улуу Британиядагы Казак диаспорасы өкүлдөрү менен ишкерлик карым-катнаш орнойт

Чет өлкөлөрдөгү ата мекендик маданиятты жана салт-санааларды илгерилетүү, ошондой эле экспортту өнүктүрүүгө жана бизнес байланыштарды түзүүгө этникалык казактар көмөк көрсөтөт. Буга байланыштуу алар дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө бизнес үйлөрдүн жана маданий борборлордун тармагын түзүүгө ниеттенип жатышат. Бул тууралуу Лондондо мекендештердин форумунда белгилүү болду. Мекендештердин бизнес-демилгелери дем берип, жаңы идеялар колдоого алынууда. Лондондогу Бизнес-форум Мюнхен, Сан-Франциско жана Стамбул жолугушууларынан кийинки төртүнчү иш-чара. Мындан кийинкиси Стокгольмдо өтөт. Ал эми жетинин айында Түркестан шаарында өтүүчү чет өлкөлүк мекендештердин биринчи форумуна дүйнө жүзүнөн казактарды чогултуу пландалууда.

МАГАУИЯ САРБАСОВ, «МЕКЕНДЕШТЕР» ФОНДУНУН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

– Азыркы учурда "Мекендештер" фонду көптөгөн ата мекендик финансылык институттар менен тыгыз иш алып барууда. Мунун бардыгы чет өлкөлөрдөгү мекендештерге колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Фото: ehonews.kz