"Сарыарка" магистралдык газ түтүгү курулушунун аякташына аз калды

Казакстанда "Сарыарка" магистралдык газ түтүгү курулушунун аякташына аз калды. Эске сала кетсек, долбоор Казакстандын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин тапшырмасы менен ишке ашырылууда. Максаты – Казакстандын борборун газдаштыруу, борбордук жана өлкөнүн түндүк аймагын, ошондой эле өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу. Алгачкылардан болуп газ менен 2 миллион 710 миң адамды камсыз кылуу көздөлгөн. Долбоордун наркы - 267 миллиард теңгени түзөт. Курулушту Казакстандын өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкы каржылоодо.

АМАНГЕЛЬДЫ ИСЕНОВ, ЕАБР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

Каржылоонун суммасы 102 миллиард теңгени түздү. Баалуу кагаздар куралдарын пайдалануунун аркасында, мында анын өзгөчө уникалдуулугу бар. Пайыздык чен 10 пайызды түздү.

Фото: Казинформ