Нур-Султанда алдыдагы шаардык туризм маселелери боюнча Дүйнөлүк Саммит өтөт

Нур-Султанда алдыдагы шаардык туризм маселелери боюнча Дүйнөлүк Саммит өтөт

Нур-Султан шаарында алдыдагы тогуздун айынын 9-12 аралыгында шаардык туризм маселелери боюнча Дүйнөлүк Саммит өтөт. Масштабдуу иш-чаранын уюштуруучулары борбор акимчилиги жана БУУнун дүйнөлүк туристтик уюму. Жыйынга дүйнөнүн 30 өлкөсүнөн 700дөн ашуун делегат чогулат деп күтүлүүдө. Саммиттин программасы боюнча шаарды башкаруу, инновациялар менен технологиялар, туруктуу өнүгүү жана туризм тармагындагы жаңычылыктар талкууланып, декларация кабыл алынат.

ХЕЛЕНА МАХУАС, «ASTANA CONVERSATION BUREAU» МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Дүйнөлүк саммиттин башкы темасы «Акылдуу шаарлар – Акылдуу багыттар» деп бекитилди. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келе турган серепчилер, ар кандай шаарлар, компания жана туристтик уюмдун өкүлдөрү акылдуу шаарлардын жардамы менен туристтик багытты өнүктүрүү жана тармактын маселелерин чечүүдөгү таасири тууралуу пикир алмашышат. Ошондой эле, ушул иш-чараны уюштуруу аркылуу Казакстандын башкы шаарынын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн болушунча таанытууга болот.

Фото: akipress.com