Казакстан Kyiv Media Week иш-чарасына катышты

Борбордук жана Чыгыш Европанын телевидение, масс-медиа жана кино өндүрүш тармагынын өкүлдөрү Kyiv Media Week иш-чарасында жолугушту. Ушуну менен тогузунчу жолу уюштурулган форумга 37 өлкөнүн 800гө жакын адиси катышты. Бул саамалыкка Казакстандын атынан продакшн студияларынын жетекчилери катышты. Казакстан бир жылда кыркка жакын сериал тарткан. Кийинки жылы жаңы эмгектердин саны өсөт деп күтүлүүдө. Ошондой эле, Kyiv Media Week – маалыматтык коопсуздук маселесин да көтөрдү. Иш-чаранын алкагында маалымат таратуудагы мамлекеттик колдоо, жаңылыктардын көрүүсү жана быйыл биринчи жолу Кыргызстан, Молдова сыяктуу өлкөлөрдүн медиа рыногу да күн тартибине коюлду.

ВИКТОРИЯ ЯРМОЩУК, KYIV MEDIA WEEK ИШ-ЧАРАСЫНЫН УЮШТУРУУЧУСУ:

- Быйыл биз жаңы технология тууралуу көп сөз кылдык. Бул тармак күнүмдүк турмушубузду гана эмес, кино өндүрүштү да өзгөртүп жатат. Жасалма интеллект, машина менен иш алып баруу тууралуу баяндамалар окулду. Контент өндүрүшүнө блокчейнди колдонуу темасы да көтөрүлдү.

Киев медиа жумалыгында мамлекеттердин теле- жана киноөндүрүш тармагындагы кызматташуу маселеси да көңүл сыртында калган жок. Айрыкча, Казакстан менен Украинанын бул тармактагы кызматташтыгы жогорулаганы белгиленди. Белгилеп айтсак, эки өлкө биргеликте «Касым» тасмасын тарткан. Тасмада – Казакстандын Эл баатыры, атактуу инсан – Касым Кайсеновдун эрдиги баяндалат. Быйыл Киев медиа жумалыгы аяк оон айынын жыйырмасына чейин уланат.

Фото: Facebook