Атырауда “Кайрымдуулук кербени” сынагына катышууга арыз берүү башталды

Атырауда “Кайрымдуулук кербени” республикалык кайрымдуулук демилгесинин сынагына арыз кабыл алуу башталды. Ал катары менен экинчи жылы өткөрүлүп жатат. Иш-чараны Казакстандын биринчи Президентинин фонду, ишкер аялдар ассоциациясы жана "Хабар" агенттиги уюштурууда. Номинанттар жетинин айынын 29на чейин арыз берүүгө тийиш же коомдук уюмдар, катардагы адамдар кайрымдуу деп эсептегендерди сунуштаса болот. Жеңүүчүлөрдү келерки жылдын бирдин айында кайрымдуулук күнүн майрамдоонун алдында аныкташат. Сыйлыктар өз мекенине кайтарымсыз жана жигердүү жардам бергендерге гана берилет. 

НУРЛЫ АЙТИЕВА, ИШКЕР АЯЛДАР АССОЦИАЦИЯСЫНЫН АТЫРАУ ОБЛУСУ БОЮНЧА ТӨРАГАСЫ:

- Өткөн жылы сынакка катышууга 50 адамды кабыл алганбыз. Бизге мыктысын тандоо кыйынга турду. Албетте, Казакстанда патриоттор көп деген факт, кайрымдуулукту – жашоо принциби деп эсептеген жогорку жарандык позициясы бар адамдар бизди кубантпай койбойт.

Фото: pricom.kz