Нур-Султанда Салттуу диндер көч башчылары сьезд катчылыгынын отуруму өттү

Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 7-съезди борбордо 2021-жылы кулжа айында өтөт. Бул тууралуу съезддин Катчылыгынын 18-отурумунда айтылды. Чогулуштун катышуучулары 4 теманы талкуулашты. Биринчи кезекте дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин 2018-жылдын тогуздун айында өткөн 6-съездине карата пикирлери айтылды. Андан сырткары, жетинчи жыйындын күн тартиби каралды. Тараптар өз сунуштарын кийинки жылдын жалган куран айына чейин жарыялоого убада беришти. Ал эми катчылык отурумуна жетекчилик кылган, Сенат Төрагасы Дарига Назарбаева Казакстан дүйнөдөгү дин өкүлдөрүн чогултуп, орток пикир сунуштагандан бери 16 жыл өткөнүн атап өттү.

ДАРИГА НАЗАРБАЕВА, РК ПАРЛАМЕНТИ СЕНАТЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездин өткөрүү идеясынын автору Биринчи президент Нурсултан Назарбаев болду. Эл аралык өзөктүк арсеналдан баш тартуу демилгеси ири дүйнөлүк диндердин жана конфессиялардын жетекчилери тарабынан колдоого алынган. Бүт дүйнө биринчи президентти тынчтык орнотуучу деп тапты, ал аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту колдоодо масштабдуу иштерди жүргүзө алды. Анын ачык конфессиялар аралык диалогду жүргүзүү жөнүндө идеясын бүткүл дүйнө колдоого алды.

ДИМИТРИЙ САФОНОВ, ОРУС ПРАВОСЛАВДЫК ЧИРКӨӨСҮНҮН ДИНДЕР АРАЛЫК КАТНАШТАР ЖӨНҮНДӨГҮ МОСКВА ПАТРИАРХАТЫНЫН ТЫШКЫ ЧИРКӨӨЛӨР МЕНЕН БАЙЛАНЫШ БӨЛҮМҮНҮН КАТЧЫСЫ:

- Дүйнөнүн көч башчылары чогулган мындай платформа эч жерде жок. Мусулман муфтийи, проваславдык дин кызматчысы менен башка да динди кармангандардын жетекчилери бир жерде отурган кезде, диндер аралык кагылышка, зордук-зомбулукка жол берилбей тургандыгын көрүүгө болот. Бардыгыбыз тууганбыз, баардыгыбыз боордошбуз.

Фото: strategy2050.kz