«Хабар» Агенттиги теле алып баруучуларга сынак-кастинг жарыялады

«Хабар» Агенттиги өз ишине дайыма жаңычылдык киргизүү аркылуу убакыт менен заман агымына ылайык үзгүлтүксүз алдыга карай өнүгүп келет. Ушул калыбында агенттик бүгүнтөн баштап инстаграм желесинде теле алып баруучуларга масштабдуу сынак-кастинг жарыялады. Ал үч этаптан турат. Анын алгачкы этабы бүгүн, аяк оонанын 17де башталат. Экинчи этап тогуздун айынын 7-14 аралыгында уланса, кастингдин үчүнчү чечүүчү этабы тогуздун айынын 14-23 аралыгында өткөрүлөт. Долбоордун башкы шарты – балагатка толгон, Инстаграм желесинде баракчасы бар ар бир жаран катыша алат.

РИНАТ КЕРТАЕВ, «ХАБАР» АГЕНТТИГИ АК БАШКАРМА ТӨРАГАСЫНЫН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ:

- Катарыбызды жаңы кесипкөй адистер менен, медиа тармакта, журналистикада жүргөн профессионалдар менен толуктоо жана аны социалдык долбоор иретинде аймагына, облусуна карабай, кастинг түрүндө өткөрүү идеясы келди. Башкы талап – бул акылы менен сулуулугу дал келген жаран болушу керек жана ал адамдын билимдүү болуусу биздин башкы талаптарыбыздын бири.