Түз авиакаттам Нур-Султан менен Шанхайды байланыштырат

Жакын арада Нур-Султан менен Шанхайды түз авиа каттам байланыштырат. Тиешелүү макулдашуу улуттук авиакомпания менен Кытайдын ири авиаташуучусунун ортосунда жетишилди. Белгилей кетсек, Кытайдын Шанхай шаары – Астана эл аралык каржы борбору менен өз ара кызматташуу үчүн келечектүү багыттардын бири болуп саналат. КЭРнын Казакстандагы элчисинин пикиринде, каттамдын ишке киргизилиши эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын гана күчөтпөстөн, туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө түрткү берет.

ЧЖАН СЯО, КЭРНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

– Эки өлкөнүн жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү үчүн максималдуу ыңгайлуулукту түзүү - бул биз үчүн өзгөчө маанилүү. Жакын арада биз жаңы түз каттамдын ачылышын күтүүдөбүз.

Фото: 1zoom.ru