«Хабар» Агенттиги жаңы долбоорлорун тааныштырды

«Хабар» Агенттиги жаңы сезонго жаңы өнүмдөрүн сунуштайт. Ата мекендик медиа дүйнөсүндөгү ири телекомпания көпчүлүктү тынчсыздандырган маселелерди козгой турган курч репортаждар менен саясий ток-шоулорду көрсөтөт. «Хабар» Агенттиги 4 ата мекендик телеканалды бириктирет. «Хабар» телекомпаниясы – өлкөдөгү белгилүү инсандар тууралуу автобографиялык тасмаларды чыгаруу менен алектенген жалгыз медиахолдинг. Быйыл канал 11 жаңы телесериал көрсөтөт. Анын ичинде «Бекзат», «Баатырлар жолу», «Каламгер» сыяктуу тасмалар бар.

АЙДОС ТУРЫСБЕК, «ХАБАР» КАНАЛЫНЫН БАШКЫ ПРОДЮСЕРИ:

- Сериалдарга басым берип жатабыз. Ар кандай жанрларга кезек берилет. Анын ичинде комедия, мелодрама, аскерий жана тарыхый драмалар, биографиялык тасмалар, инсан таанууну даңазалай турган, дүйнөдөн өткөн окумуштуулар менен улуу адамдарды улуктаган тасмаларга терең маани берип жатабыз. 

Ал эми, «Еларна» тажрыйбалуу режиссёрлордун чебер чечимдери менен жаш сүрөтчүлөрдүн курч ойлорун тасма сүйгөн коомго сунуштайт. Автордук тасмалар менен «Еларна» тарткан кыска метраждуу киноткартиналар Европа менен Азиянын алтын фонду көрүүчүлөргө багыт алат.

АРМАН СЕИТМАМЫТ, EL ARNA ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Он компания болсо 10 телесериал тартат. Ар бири менин жумушум мыкты болот деп ойлойт. «Карлыгач уя салганда» эмгеги эң мыкты деп табылды.

118 өлкөгө тарай турган Kazakh TVнин да айта турганы, сунуштары бар. Алардын катарында улуттук салттарды даңазаланган Казак лайф, Айтыс лайф, ошондой эле, саякат менен тарых темаларына арналган Казак квест, Кенен талаа сыяктуу программалар бар.

МАЙЯ БЕКБАЕВА, «KAZAKH TV» ТЕЛЕКАНАЛЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Жалпы биздин телеканалдын жаңы сезону башкы темаларды негизги милдет кылып жатат. Бул – туризмди жайылтуу, ошондой эле, руханий жаңыруу программасынын алкагында маданиятыбызды жана тарыхыбызды башка өлкөлөргө таанытуу.

Жаңы сезондо Хабар24 каналы ыкчам маалымат көрсөтүүсүн улантат. Быйылкы эрежеге ылайык, түз эфирлердин саны көбөйөт.