2020-жыл Казакстанда «Ыктыярчылар жылы» деп жарыяланды

Казакстанда ыктыярчылар кыймылы өнүгүүнүн жаңы мезгилине кадам таштады. 2020-жыл өлкөдө «Ыктыярчылар жылы» деп жарыяланган. Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев өз кайрылуусунда жарандык коомду бекемдөөдө ыктыярчылардын орду өзгөчө экенин белгилеген. Чымкенттеги Жаштар ресурстук борборунун алдында түзүлгөн «Ыктыярчылар клубу» 2010-жылдан бери иш алып барат. Бул жерде 500дөн ашуун жаран ыктыярчылардын катарына кабыл алынган. Алар шаардагы бардык тармакка катышат.

БИБОЛ ЖАКЫПБАЕВ, ЫКТЫЯРЧЫ:

- Ыктыярчы дегенибиз ким? Ал – коомчулукка жардам берүүчү. Эң биринчиден өзүнө жардам берет. Бизде көбүнчө ыктыярчылардын катарында жаштар мууну абдан көп. Алар 80-90 пайызды түзөт. Ыктыярчылар башкаларга жардам берүүдө ар кандай форматтарды колдонуп келишет.

Түркестан облусунда билим алып жаткан студенттердин 30 пайызы – ыктыярчылар тобуна кирет. Быйыл аймакта жигердүү жаштардын катышуусу менен ар кандай долбоорлор, кайрымдуулук иш-чаралар өттү.

БЕРЕКЕ ДҮЙСЕБЕКОВ, ОБЛУСТУК «ЖАШТАР РУСУРСТУК БОРБОРУ» МЕКЕМЕСИНИН БАШЧЫСЫ:

- Ыктыярчылар – бул жигердүү жашоо салтын карманган адамдар. Жаштарда так жарандык эрежеси жана мекенчилдиктин сезими  болушу керек. Ыктыярчылык – бул жаштар үчүн бүткүл коомчулукту тынчсыздандырып жаткан маселелерден четте калбай, аларга ыңгайлашууга мүмкүнчүлүк түзүп берген аянтча. Мындан сырткары ыктыярчылар адамдарга жардам берип, коомдук-маанилүү долбоорлорду ишке ашырышат.

Түркестан облусунда 500 миңден ашуун жаш муундун өкүлү бар. Быйыл жылдын аягына чейин ыктыярчы жаштардын санын 10 миңге жеткирүү мерчемделип жатат. Белгилей кетсек, өткөн жылы аймакта жаштардын катышуусу менен 15 миллион теңгелик иш аткарылган.   

Фото: turkystan.kz