Нур-Султанда Astana Media Week казакстандык медиа жумалыгы башталды

Нур-Султанда Astana Media Week казакстандык медиа жумалыгы башталды. Салтка айлангандай, медиа-индустриянын өкүлдөрү жолугуп, жалпыга маалымдоо тармагындагы акыркы жараяндарды талкуулашат. Быйыл иш-чарага 2 миңден ашуун катышуучу чогулду. Алардын катарында Казакстан, Түркия, Орусия, Беларусь, Өзбекстан, Индиянын теле жана радио каналдарынын, продакшн-студиялардын өкүлдөрү бар. Жумалыктын алкагында чет өлкөлүк жана ата мекендик маалымат тармагынын өкүлдөрүнүн дарстары уюштурулат. Үч күнгө созулган иш-чара Борбор Азиядагы эң ири медиа-окуя болот.

ДАУРЕН АБАЕВ, РК МААЛЫМАТ ЖАНА КООМДУК ӨНҮГҮҮ МИНИСТРИ:

- Мамлекеттик кызыкчылыкты калкка жеткирип, коомдо болуп жаткан өзөрүштөргө ылайык көз караштарды калыптандырууда медиа тармагынын аткара турган ролу абдан жогору. Ушул багытта, өлкөбүздүн маалымат каражаттарынын алдында чоң максат-милдеттер турат. Ал Эл башы баштаган, мамлекет башчысы улантып жаткан руханий жаңыруу тууралуу комплекстүү реформаларга коомчулукту тартуу. Астана медиа жумалыгы аянтындагы негизги максаттардын бири – пикир алмашып, таанышууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Фото: egemen.kz