Сөксөөлдү кыюуга мораторий беш жылга узартылды

Сөксөөлдү кыюуга тыюу салуу Кызылордо облусундагы чөлдүү жерлердин аянтын бир кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө мамлекеттик токой фондунун 7 миллион гектары ушул региондун аянтында  жайгашкан. Анын үч миллион гектарында сөксөөл дарагы жайкалып турат. 2015-жылы киргизилген мораторийдин аркасында ал токой фондунун аянтында гана эмес, жеке менчик жерлер менен айыл округдардын аянтында да жайылууда. Бул өсүмдүктүн экологияга пайдасы тууралуу адистер да, серепчилер да белгилеп жатат. Ошондуктан аны кыюуга тыюу салгандын беш жылга узартылуусу оң чечим дешет алар.

ЖАНДОС АЛИЕВ, ШИЕЛИ РАЙОНДУК ТОКОЙ ЖАНА ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮН КОРГОО МЕКЕМЕСИНИН МҮДҮРҮ:

- Табиятка пайдасы эбегейсиз зор. Ал илимий изилденген нерсе, бир даана дарагы он куб метр кумду кармап турат, көчүүнү токтотот. Бул өтө эффективдүү. Бизде азыр угуп жатасыздар, башка облустарда кум көчкүсү көбөйүп жатат. Ал эми бизде токойдун көбөйүшүнө байланыштуу ал токтотулду. Бул бир озгөчөлүк. Дагы бир өзгөчөлүгү -  калктуу пунктарда отун максатында пайдалануу болуп саналат.

Фото: turkystan.kz