ЕККУ Казакстан Элдер Ассамблеясынын тажрыйбасына кызыктар

Этнос аралык келишимдин казакстандык үлгүсүн Европадагы коопсуздук менен кызматташтык уюмунун адистери изилдешүүдө. Серепчилердин пикиринде, казак элинин ийгиликтүү тажрыйбасы эл аралык коомчулук үчүн абдан маанилүү. Казакстан Элдер Ассамблеясы сыяктуу уникалдуу институттун кызматы тууралуу Ассамблея мүчөлөрүнүн Европалык уюмдун Жогорку комиссары Ламберто Заньер менен жолугушуусунда айтылды. Чет өлкөлүк делегация өкүлдөрү Нур-Султан шаарындагы Достук үйүнүн жумушу менен таанышты. Эскерте кетсек, Ассамблея бүгүнкү күндө миңден ашуун этномаданий биримдикти бир түндүктүн астында чогултуп жатат.

ЛАМБЕРТО ЗАНЬЕР, ЕККУ АЗ УЛУТТАРДЫН ИШТЕРИ ТУУРАЛУУ ЖОГОРКУ КОМИССАРЫ:

- Этнос аралык келишимдин ийгиликтүү моделдери абдан маанилүү, анткени алар коомдун туруктуулугун сактайт жана эл аралык коомчулукка ар кандай кагылышууларга каршы турууга жардам берет. Казакстан Элдер Ассамблеясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун аракеттерине жигердүү түрдө катышып жатат.

АЙГҮЛ САДВОКАСОВА, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН ЭТНОС АРАЛЫК ЖАНА КОНФЕССИЯ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИ ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Коомдук келишимдин казакстандык үлгүсү европалык уюм тарабынан жогорку баага ээ болууда. Ал Бириккен Улуттар Уюмунда тааныштырылды. Убагында Кофи Аннан Казакстан Элдер Ассамблеясы тууралуу өз пикирин билдирген. Бардык мамилелердин негизин орток баалуулуктар түзөт, Казакстандагы этникалык топторду ушул баалуулуктар бириктирет.

Фото: Хабар 24