Казакстандык жазуучунун китеби АКШ Конгрессинин китепканасынан орун алды

Казакстандык жазуучу Зауре Төреханова «Амина Туран көчмөндөр өлкөсүндө» аттуу китебинин уландысын жазып жатат. Ата мекендик окурман үчүн сейрек учураган фантазия жанрындагы эмгек 12 жаштагы кыздын көчмөндөр ааламына саякаты тууралуу баяндайт. Балдарга абдан жаккан чыгарманы жазуучу ушул жылдын аягына чейин жазып бүтүрүүнү көздөп жатат. Жаңы роман «Амина Туран Улуу Жибек жолунда» деп аталат. Калемгер Зауре Төреханованын айтымында, анын максаты – кичинекей окурмандарга өздөрүнө окшош жаңы каармандарды тааныштыруу.

ЗАУРЕ ТӨРЕХАНОВА, ЖАЗУУЧУ:

- Балдар өздөрү тууралуу окугусу келет. Алар өздөрүнө окшогон, керек болсо аттары да, жаштары да, сырткы келбеттери да өздөрүнө окшогон каармандардын башынан өткөргөн кызыктуу окуяларын кызыгуу менен окушат. Балдар жазуучусу катары менин максатым – алардын фантазиясын ойгото турган китептерди жазуу.

Зауре Төреханова Алматы жана Нур-Султан шаарларына жол көрсөтүүчү китептердин да автору. Саякатчылар үчүн абдан пайдалуу басылманы калемгер кызыктуу кылуу үчүн боёктору каныккан иллюстрациялар менен фото-сүрөттөрдү пайдаланган. Жол көрсөткүчтүн экөө тең балдарга да, улуу муун өкүлдөрүнө да түшүнүктүү болушу үчүн ылайыкташтырылып жасалган. Анда эки шаардын көрүнүктүү жерлери тууралуу маалыматтар менен бирге, өнүгүү тарыхы тууралуу да маалыматтар бар. Жол көрсөткүчтөр АКШ Конгресс китепканасынын фондун толуктады. Басылмалар президенттер Джефферсон жана Адамс атындагы имараттарда сакталуу.

ЗАУРЕ ТӨРЕХАНОВА, ЖАЗУУЧУ:

- Алматыга арналган басылма суроо-талапка ээ болгондон кийин, борбор калаа тууралуу да таанып-билүүчүлүк китеп басып чыгарууну туура көрдүм. Анткени борборубуздун тарыхы бай, азыр да борборубуздун төрү маанилүү саамалыктардын аянтына айланган. Ошондуктан китепке «Өлкө жүрөгү – ажарлуу шаар Астана» деп ат бердим.

Зауре Төреханова жазганды улантып, окурмандардын жүрөгүн жаңы чыгармалары менен багындырууну максат кылат.

Фото: awardslondon.com