Туристтик кластерди өнүктүрүү

Акмола облусуна жыл сайын 1 миллиондон ашык турист келет. Ал эми 2025-жылга карай алардын санын 13 миллионго жеткирүү көздөлгөн. Азыр көз жоосун алган кооз табият менен белгилүү Бурабайдын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында жаңы курорттук аймактын курулушу жүрүп жатат. «Акбура» эс алуу жайы 230 гектардан ашуун аянтта жайгашкан.  Анда 150гө жакын чакан конок үй менен спорттук жана оюн-зоок борборлору салынат. Курорттук аймакта жыл бою кызмат көрсөтө турган долбоорлор колго алынмакчы.

АЛМАС САГДИЕВ, ОБЛУСТУК ТУРИЗМ БАШКАРМАСЫ  БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин туристтик дараметти өнүктүрүү үчүн Бурабайда былтыртан бери «Four seasons» концепциясы жүзөгө ашырылып келет. Башкача айтканда, курорттуу аймак жыл бою он эки ай иштеп турууга тийиш. Мисалы, ушул күздө спорттук транспорттор жарышы өтөт. Ал эми кышында «Кансонар» бүркүтчүлөр сынагын уюштуруу каралган.

Чыгыш Казакстандын да туристтик деңгээли жогору. Туристтик тармакты өнүктүрүү программасы алкагында аймакта наркы 30 миллиард теңгенин долбоору иштелип чыгууда. Каржы Алакөлдүн жээги менен коммуналдык чарбачылык жүйөөсүн иреттөөгө багылтталмакчы. Серепчилердин айтуусунда, мында эс алуучулардын 90 пайыздан ашыгы казакстандыктар. Алыскы чет элден келгендер Катон-Карагай, Риддер сыяктуу токойлуу аймактарды аралаганды жактырышат. Ал эми коңшу Орусия өлкөсүнүн жарандары Буктурмада эс алышат.

МАРАТ КАБАКОВ, ОБЛУСТТУК ТУРИЗМ ЖАНА СЫРТКЫ БАЙЛАНЫШТАР БАШКАРМАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Программа алкагында Алакөл жээги ургалдуу өнүгүп, долбоорлук документ даярдалып жатат. Ири долбоор боюнча, атап айтсак, калыбына келтирүү жерлерин, суу түтүктөрүн, аэрорпортту жөндөө боюнча, бир гана Алакөлдү эмес, Катон-Карагай, Риддер, Буктурма, Глубокое райондордун да өнүктүрүүгө болот. Ушул Алакөл сыяктуу мерчемдер азыр иштелип чыгууда.

Ал эми Түркистан облусунда туристтердин саны акыркы 7 айда 700 миңден ашкан. Саякатчылардын жарымы коңшу Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай жана Орусия мамлекеттеринин жарандары. Өлкөнүн башка облустарынан келип, ыйык жайларга зыярат кылгандардын да катмары калың. Азыр Түркистан Улуу Жибек жолунун борбору иретинде өнүгүп келет. Ташкент, Самарканд, Бухара жана Түркистан шаарларын байланыштырып турган эл аралык багыттар иштейт. Жалпы облуста туризмди өнүктүрүүгө арналган 17 долбоор жүзөгө ашырылса, акыркы 7 айда 7 долбоор ишке берилди.

Фото: travel-picture.ru