Республикалык “Кайрымдуулук кербени” сынагы

Кайрымдуулук демилгелерин жайылтуу жана жарандык көз карашты жигердүү өнүктүрүү. Казакстанда экинчи республикалык “кайрымдуулук кербени” сынак-акциясы башталды. Ага жеке эле эмес, өлкөнүн социалдык жана коомдук маселелерин чечүүгө салым кошкон юридикалык жактар да катыша алат.

ИГОРЬ РОГОВ, КРНЫН ЭЛ БАШЫ БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИНИН ФОНДУНУН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Биздин милдетибиз - бул адамдарды аныктоо, көрсөтүү. Алардын көпчүлүгү жашыруун, карапайым түрдө аракет кылат, өздөрү тууралуу айтууга ашыкпайт. Ал эми биздин милдетибиз – бул адамдарды көпчүлүккө тааныштыруу. Өткөн жылы биз бул иш чараны ийгиликтүү өткөрдүк деп ойлойм. Бизге жүзгө жакын, тагыраак айтканда, 91 өтүнмө сунушталды, алар тууралуу биз билдик, маалымат алдык. Албетте бир – бирине адал, мактануусуз ниет менен жардамдашкан адамдар көп. Учурда биз 8 адамды белгилеп койдук.

Белгилей кетсек, сынак өткөн жылдагыдай эле “Хабар” маалымат агенттигинин колдоосу асытанда өтөт. Анын жыйынтыгы 2020-жылдын бирдин айында чыгарылат. Лауреаттар атайын беш наам боюнча аныкталат.

РАУШАН САРСЕМБАЕВА, КАЗАКСТАНДЫН ИШКЕР АЯЛДАРЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Жумушчу топтор түзүлүп,  аларга Казакстандын ишкер аялдар ассоциациясынын өкүлдөрү, ички саясат бөлүмүнүн өкүлдөрү, аймактардагы журналисттер кирет. Бул учурда, алар беш наам боюнча каралып жаткан талапкерлерди угуп, сунуш кыла алат.

Фото: presidentfoundation.kz