Казакстанда Конституция күнү белгиленүүдө

Казакстанда Конституция күнү белгиленүүдө. Өлкөнүн башкы мыйзамы 1995-жылы Баш оона айынын 30да жалпы улуттук референдумда кабыл алынган. Конституциянын биринчи беренесинде Казакстан демократиялык, динден тышкары, укуктук жана социалдык мамлекет деп айтылат, анын улуу баалуулуктары болуп адам, анын өмүрү, укуктары жана эркиндиктери эсептелет. Конституциянын долбоорун талкуулоого өлкө жарандары жигердүү катышышкан. Ошентип, 33 миңге жакын жамааттык талкуулар өткөрүлүп, аларга 3 миллиондон ашык жаран катышкан. Конституция Казакстандын көз карандысыздыгынын жетишкендигине негиз болду дешет, - серепчилер.

ЖАКСЫЛЫК САБИТОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Биздин Баш мыйзамыбыздын башкы жетишкендиги – бул 90-жылдардын башында өлкө аймагынын бүтүндүгүн сактап калуубуз. Эгер ошол жылдардагы жагдайды алып карасак, ошондой эле постсоветтик мейкиндикти изилдеген батыштын, америкалык саясат таануучулардын айткан пикирлерине көз чаптыра турган болсок, анда Казакстанда этнолингвистикалык, фрактализация индексинин абдан жогору болгондугун байкайбыз. Бирок улут аралык карым-катнаш тармагында байкап, аракет кылуунун натыйжасында, өлкөбүздө мыкты саясат жүргүзүүнүн аркасында, ошону менен катар өлкө Конституциясынын азыркы саясатынын багытын белгилеп алуунун жайынтыгында Казакстан өзүнүн бүтүндүгүн сактай алды.