Нур-Султанда көчө өнөрү

Казакстандын борбору заманбап көчө искусствосунун аянтчасы болуп калды. Эл аралык арт-фестивалынын алкагында имараттардын маңдайлары кооздолгон. Бийик имараттагы сүрөттөрдүн авторлору-жергиликтүү жана чет элдик артистер. Бул жылы 104 чебер фестивалга катышып 200дөн ашык эмгектерди тартуулашты.

ЕРЖАН БЕЖКЕНОВ, НУР-СУЛТАН ШААРЫНЫН САРЫАРКА АКИМЧИЛИГИНИН ИНТЕРНЕТ-РЕСУРС БӨЛҮМҮНҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

Бул 200 нусканын ичинен градкеңеш болгону 20 мыктыны тандап алды. Бул 104 сүрөтчү бүткүл дүйнө жүзү боюнча сүрөт тартып, өз эмгектерин сунуштады. Алардын 20сынын ичинен эң мыкты делген үчөө биздин Сарыарка районуна өткөрүлүп берилди. Бул бүркүттү орусиялык сүрөтчү Соколов казакстанык сүрөтчүлөр менен биргеликте жиберген. Бул Эгемендүү Казакстандын символу.

Мурал сүрөттөр Мексикада биринчи жолу 90 жыл мурун пайда болгон. Кийин Латын Америкасынын бул багыты дүйнө жүзүнө таркап кеткен. Серепчилердин айтуусунда, чоң имараттарга тартылган сүрөттөр таң калтырып гана койбостон шаардын көрүнүшүн жакшыртууда. Бул ааламдашуу жана куруу доорундагы маанилүү чындык.

ОЛЬГА ВЕСЕЛОВА, «URBAN ART ASTANA» ФЕСТИВАЛЫНЫН КУРАТОРУ:

- Бул шаардын өзгөчөлүгүн жаратуу болуп саналат. Фестивалдын алкагында биз сурамжылоо жүргүздүк. Анда борбор жашоочуларынын көпчүлүгү ушундай бейнелер сыяктуу сүрөттөрдөн шаарды таануугу боло турганын айтышты. Бул  калыптанып келе жаткан биздин жаш шаар үчүн абдан маанилүү. Буга кошумча алар калаа меймандары үчүн өзгөчө тартымдуу жана туристтик жерлерге айланат.

Белгилей кетсек, Казакстандын борборунда эл аралык фестивалга Аргентина, Жапония жана Европадан келген сүрөтчүлөр катышты.

Фото: tengrinews.kz